С. ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУШ ҮЧҮН РЕФЕРЕНДУМГА БАРЫШ КЕРЕК! ООН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР БУЛ РЕФЕРЕНДУМДУ ӨТКӨРҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРИШКЕ МИЛДЕТТҮҮ!

Текебаев өзүнүн кылмыштуу Конституциясы менен Жапаровдун жолун тоспой эле койсун! Келерки жумада же эл өзүнүн укугун сактап калуу реформа кадамына өтөт, же тышкы башкаруунун инструменти болгон партиялык уюшкан саясий криминалдык топторго мамлекетибизди кайра алдырып ийебиз. Дагы 5 жылга! Кыргыз элинин эң негизги душманы — бул тышкы башкаруудан коюлган партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү.

Текебаев жана ага окшогондор: «укук тармактан чыкпайлы, ушул Конституция менен, партиялык тизме менен шайлоо өткөрөлү» деп мыйзамдардын укуктарды негиздөөчү моменттерин туура эмес талкуулап, алдап жатат. Бул ушул максат менен кайтып келди. Тышкы башкаруунун кысымы менен экс-президент С.Жээнбеков буга чоң өбөлгө болду. Башкача айтканда Текебаевди жөн эле түрмөдөн бошотуп койбостон, мандатын кайтарып, Жогорку Кеӊешке алып келип койду. Мыйзамсыз! Аны колдогон тышкы башкаруу менен каржыланган ЛГБТ ЖМКлар, жасалма коомдук уюмдар, укуктук жана идеологиялык сепаратисттер жана экстремисттердин ар түрлөрү маалымат айдоону ээлеп алганы көрүнүп турат… .

Эми Кыргыз Эли жана С. Жапаров бул жалган маалыматтарга алданбай, кыргыз элин, жерин, мамлекетин сактап калууга реформаларды киргизишке кадам шилтегенден коркпошубуз керек.

С. ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУШ ҮЧҮН РЕФЕРЕНДУМГА БАРЫШ КЕРЕК! ТОКТООСУЗ!!! ООН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР БУЛ РЕФЕРЕНДУМДУ ӨТКӨРҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРИШКЕ МИЛДЕТТҮҮ! МЫНДАЙ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ КАРАМА-КАРШЫ БАШ МЫЙЗАМ МЕНЕН ШАЙЛООГО БАРГАНГА ЖОЛ БЕРБЕШИ КЕРЕК!

Баардык укук боюнча келишимдерди негиздөөчү принцип –

«о самоопределении народа как основополагающего права».

Эмнеге карама — каршы?

1. Азыркы Конституциянын биринчи бөлүмүндө «Конституциялык түзүлүштүн негиздери » деп 15 беренелеринде  «эл — бийликтин жалгыз булагы» деп негизделет. Өлкө элге кызмат кылат. Жогорку Кеӊеш жана Президент элдин өкүлү болот. 

 «Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери» деген 2-бөлүм 44 беренеден турат. Анда: «мыйзам менен сот алдында бардыгы бирдей жана ар бир жарандын шайлап жана шайланууга укугу бар» деген сыяктуу кыргыз эли менен кыргыз

мамлекетинин укугу жана милдети айтылган беренелер. Ушуга Конституциянын калган жагы төп келиш керек эле.

2. Бирок, 22 беренеден турган 4-5- бөлүмдөрү 1-2 бөлүмдөрдөгү 59 беренеден турган жалпы элдин укугун жокко чыгарып, өлкөнү толугу менен партиялык саясий, криминалдашкан топтордун менчигине алып койду. Бул — 4-бөлүм Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлиги, 5- бөлүмү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги.

Демек, өзүнө өзү карама-каршы келген Конституция — КЫЛМЫШТУУ КОНСТИТУЦИЯ!

Бул кылмыштуу Баш Мыйзам менен шайлоого баруу — кыргыз элинин тагдырына балта чапкан менен барабар болот.

Ушул себептен бул Конституцияны сотко берип, жокко чыгарыш керек да, жаңы Конституциянын долбоорун түзүп, референдумга чыгарып, партиялык эмес,                      бир мандаттуу шайлоо менен келген элдик бийлик башкарыш керек. Кечиктирбестен! Ошол жаңы Конституцияга: депутаттардын санын кыскартып, партиялык башкарууну жоюп, бир мандаттуу шайлоо менен парламент түзүлүп келишин, президенттин милдетин аткарып жаткан жаран президенттике талапкерлигин коё ала тургандыгын жана көптөгөн элдин укугун бузбай, элге иштей турган беренелерди киргизиш керек!

Бизге кандай Конституция керек? Кандай өзгөрүүлөр керек?  Бийлик башында кимдерди көргүбүз келет? Баардыгын биз — Эл чечишибиз керек! Эл — бийликтин ээси!

Тышкы күчтөр менен каржыланып келген агенттер түзгөн мыйзамдардын бизге кереги жок!

А тиги Текебаев жана ага окшогон агенттер бул жөнүндө билип туруп, элден жашырып, жалган маалыматты таркатып жатышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *