Мамлекетти укук айдоого кайтаруу!

Пандемия учурунда, элге келген жардамдарды жана мамлекет алган кредиттерди тытып туруп элди таштап эс алууга кетип калышкан! Жөн кетпей бир мешок мыйзамдарды окубай-чокубай кабыл алып туруп сызган…!

   Жогорку Кеӊештин депутаттарынын 75%-ти кызматтарын таштап шайлоого кетип калганы аз келгенсип, 12 саатта бир миллиондон ашык кылмыш жасашты!  Алар 4-октябрьда шайлоо күнү миллиондон ашык элдин добуштарын сатып алышты (бир сатып алынган добуш — бир кылмыш)! Ошол себептен БШК шайлоону жокко чыгарды!

   Нараазычылыкка чыккан элге көнүл бурбаган бийлик менен элдин ортосунда саясый кризис жаралып кагылышууга алып келди…!

   Бул кагылышууну өз кызыкчылыгына колдонууну көздөгөн,  бапшкача айтканда кызматтарды алыш үчүн коррупцияланган саясий партиялар элди бөлүп-жарып бири-бирине түкүрүштү! Партиялар саясий кризисти социалдык дестабилизацияга алып келди! Партиялардын кылмыштуу лидерлери кызматтарды мыйзамсыз басып алып жатышат! Бул иштери легитимсиз болгондуктан,  өлкөлүк институттар толук стагнацияга (паралич) кирди! Саясий кризистен чыгууга укуктук айдоого кайтуу зарыл…!

 Элдин нараазычылык процесси, партиялардын кесепетинен бөлүнүп-жарылганынан алдан тайып, максатына жетмек турсун социалдык кризиске кирип, өзү менен өзү жарандык кагышууга багытталды!

Бул ситуация жарандык согушка элди туртуп жатат!

Бул саясий жана социалдык кризистен чыгууга бир эле легитимдүү жол калды!

Президент жарлыгы менен:

 1. Жогорку Кеӊештинти таркатуу…;

 2.С.Н.Жапаровту Премьер-Министр кылып дайындоо жана ага өкмөттүн курамын түзүүнү тапшыруу;

 3.Референдум аркылуу  конституциялык реформа жасап, элдин ,,шайлоо» жана ,,шайлануу» укугун кайтаруу, бир мандаттуу шайлоо жолу менен…;

 4. Сотторго  ,,элдик заседателдеринин» институтун киргизүү…;

 5. Соцтармактарга  ..коомдук угуу» юридикалык статусун берүү…;

 6.Сот отурумдарды, видео форматында, соцтармактары менен байланыштыруу…;

 7. Эмгек мигранттарга арналган, конституцияга жаны бөлүк киргизилиш керек, -,,социалдык инвестор» деп тааныган институт…! ,,социалдык инвесторлорго» толук, жарандарга тиешелүү, социалдык жана саясий пакет! Анын ичинде Жогорку Кеӊештин мандаттарына жана саясий кызматтарга квота!

  4.Коомдук-өлкөлүк көзөмөл комиссиянын институтун жаратуу!  Бул органга элдин жана өлкөнүн ресурс-потенциалын туура колдонуу, аны инвентаризация кылуу…!

Ушул саясый эрктуу кадам:

— мамлекетти укук айдоого кайтарат!

— элдин талабын канаттандырат!

— коррупциянын жашоо тармагын бууйт!

— импичментке жол бербейт!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *