2МЛРД$ КАРАЖАТТЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН СОЦИАЛДЫК ТАРМАГЫНА ИНВЕСТИЦИЯ КЫЛЫП АТКАН ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ӨЗГӨЧӨ УКУКТУК СТАТУС БЕРҮҮ МЕНЕН БААРДЫК ӨЛКӨЛҮК БАШКАРУУ ТАРМАКТАРЫНДА 30% КВОТА КАРАЛЫШ КЕРЕК!

Аяна Эркинбекова -«Женщины Мира за Семейные Ценности»

10 жылдан бери элдин байлыгын, өлкөлүк институттарды менчиктештириш үчүн Конституцияны баш кылып, бүт мыйзамдарды өздөрүңөргө ыңгайлаштырдыңар. Натыйжасы — кош бийлик, жоопкерчиликсиздик, өзүм билемдик, коррупция мыйзамдаштырылып калды. Болгон нерселердин баарын талкаладыңар. Азыр квотанын шылтоосу менен сапаты силерден да төмөн жалактагандарды алып келе жатасыңар.
10 жылдан бери кыйла зыян келтирдиңер. Эми дагы 5 жылга зыянкеч болооруңар айдан ачык. Максатыңар элге кызмат кылуу эмес, элди алдап добушун алып, байлыгыңарга дагы байлык кошуу. Мыйзам менен мамилеңер начар, өзүлөрүңөрдүн үстүлөрүңөрдө козголголгон иштериңер туруп, эми кыргыз элине мыйзам менен жашашты кантип үйрөтөсүңөр? Туңгуюк!

Ал эми бюджеттин 30%на барабар инвестицияны жыл сайын элдин карапайым катмарына киргизип жаткан 1,5 млн эмгек мигранттарынын квотасы эмнеге каралган эмес?
Эмнеге алардын социалдык статусу мыйзам негизинде бүгүнкү күнгө чейин кабыл алынган жок? Булар Кыргыз мамлекетибиздин эң негиздечүү жана пайдалуу жарандары. Эмгекке жарактуу, курал көтөрүп мамлекетти коргогонго жарактуу 18-45 жаштагы улуттун генетикалык өзөгүнүн 50% нан ашыгын түзгөндөр!
Кандайча 50% ? десеңер, статистиканы карайлы.

  • 6,3 млн калк.
  • 2,2 млн бойго жете электер.
  • 0,7 млн песионерлер.
  • 0,2 мүмкүнчүлүгү чектелгендер.
  • 0,5 бюджетниктер
  • Ошондо калган калктын саны 2,7 млн. Ошонун 1,5 млну эмгек мигранттар.
    Керек болсо чет өлкөдө иштеген жылдарына эмгек китепчелерди ачып, пенсияга жаздырыш керек. Соц.пакеттер каралыш керек. Тажрыйбалуу, илим — билимдүү мигранттарга ЖКтен жана өлкөлүк институттардан башкаруу кызматтарынан орун берилиш керек. Алардын чет жактан алган тажрыйбасы бизге пайдалуу болмок. Буларга мыйзам түрүндө өзгөчө укуктук статус берилиши керек да, квота колдонуучу тармактарга квотанын 30%ы берилиши керек! Эмгек мигранттарды шайлоо учурунда эле айга күнгө теңеп калбай, конкреттүү мыйзамдарды кабыл алгыла!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *