«Партиялык тизме»- мыйзамсыз!

Марат Джуманазаров
,,НЕЗАВИСИМЫЙ ОБЩЕСТВЕННЫЙ ИНСТИТУТ ГРАЖДАНСКОЙ ПРАВОВОЙ БЕЗОПАСНОСТИ»

Урматтуу Кыргыз Элим!

«Партиялык тизме» — легитимсиз (укуксуз), Конституциянын негизинде легитимсиз!

Элдин, өз укугун коргоо үчүн уйушуу жолунан адаштыруу:

— Элдин атынан ,,партиялык тизме менен» шайлоого баруу — ал Элди алдоо жана ,,партиялык тизмени» таануу!!

-«Баарына каршы» — деп чыгуу — ал легитимсиз «партиялык тизмени» легитимдүү деп таануу!

,, Акчага сатылбагыла» — деген лозунг да «партиялык тизмени» легитимдүү деп таануу!

Эр жигиттин деңгээли, анын душманынын күчү менен өлчөлөт деген сөз болот! Мен эмнеге бул элдик накыл сөздү эске салып жатам? (грамматикалык катачылыктарга кечирим сурайм).

29 жылдан бери дүйнө жүзүн формациялаган күчтөр, албетте Кыргызстанды көрбөй калып,  жанынан өтүп кеткен жок! Болгону 6 млн. калкпыз, геополитикалык жайгашканыбыз ыңгайлуу стратегиялык абдан жакшы шартта, кен байлыгыбыз көптөгөн триллиондорду камтыйт, мөӊгүлөрүбүз эле эмне деген келечек….???

Алар бизди 29 жылдан бери карап, биздин сулуулугубузга, акылдуулугубузга суктанып, акчаларын бизге карматып койуп отурду десек — бул чоң жаңылыштык!

Алар 29 жылдан бери биздин психологиябызды өзгөртүп, доор карыткан руханият байлыгыбызды, жасалма жалган ыплас-баалулуктарга алмаштырып, саясий башкаруу системаны коррупцияга ыңгайлуу түзүлүшкө айландырды!

«Саясий элита» дегенинин деңгээлин жана сапатын өзүӊөр көрүп жатасыңар! Партиялык (парламенттик эмес) система атайын киргизилген, Элди бөлүп жарыш үчүн! Элдин укуктарына каршы койулган жасалма, жалган партиялык система иштеп жатат! Булардын идеялогиялык программалары жок экенин көрүп жатасыңар! Акча жана алдоо жолу менен эптеп бийликке келүү да,  сатуу, сатуу жана сатуу!

Ушул дүйнөлүк күчтөрдүн тынч экспансиялык ГЕНОЦИДИНЕ каршы чыккандарды талкалап келген инструмент — ал жасалма, жалган-партиялык система менен, ошондой эле жалган, жасалма-жарандык топтор!

Эмнеге андай душмандар пайда болгонун да түшүндүңөр!

Биздин күчүбүз биримдикте жана процесстерди түшүнүүдө!

…МЫШЫК-ЧЫЧКАН ОЙУНУН, КӨНҮЛДӨНҮП МЫШЫК ГАНА ОЙНОЙТ!!!


Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *