КЛДП — үчүнчү күчтөрдүн долбоору! Батыштын ыплас идеологиясына иштейт!

90058212_1303273969882278_8889847025793761280_n

Аяна Эркинбекова

Жанар Акаев Либерал — демократтар партиясын түзүптүр. Партиянын аталышы эле: » Биз үчүнчү күчтөрдүн долбоорубуз. Биз батыштын ыплас идеологиясына иштейбиз» деп айтып тургандай.

Либерализм бул — укуктук боштондук деген маанини берет. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө либерал — демократтардын партиялары бар. Алардын баары » Адам укугу» ,»Укуктук боштондук» деген идеяларды көтөрүп келишет. Бирок азыркы замандын либералдары бул лозунгтарды колдонуп,көбүнчө тиги ыпластардын укуктары үчүн агрессивдүү түрдө күрөшүп келишет. Ошол эле партиянын өкүлү Хиллари Клинтон чоң трибунадан: » Адам укугу — бул гейлердин укугу!»  Башка укук болушу мүмкүн эмес» деп оозу мурду кыйшайбай сүйлөгөн. Ошо менен көп добуш алып, президенттик жарышты утуп чыгам деп ойлогон. Бирок, АКШда адекваттуу адамдар басымдуулук кылып, ал кыялын таш капты.

Эми Жанардын партиясы тууралуу менин оюм. Кайталайм! Оюм эле, фактылар жок. Оюмду айтканга укугум бар!

Жанар Азаттыкта көп жыл иштеп, батыш тараптан аябай тапталып, такшалып келген жигит. Бул партия батыш тараптын долбоору деп ойлойм.
Максаты: шайлоодо жеңип чыгып, ЖКке өзүнүн адамдарын көбөйтүп, Отунбаева эжеси айткандай маданияттын эң жогорку сапатына чыгыш үчүн, батыштан сунушталган төмөнкү мыйзамдарды киргизүү:
1. Адам укугу деп ыпластардын укугун коргоп чыгуу.
2. 6 жыныстуулукту мыйзам түрүндө кабылдоо.
3. Ювенальная юстиция( балдар укугу).
4. Сексуалдуу зомбулук( Закон о сексуальном насилии).

Бул мыйзамдар бул партиянын негизги миссиясы болот деп ойлойм.

Жанар сагызгандай сайрап койсо эле: » Оо, кыйын бала » деп оозубузду ачып калабыз. Албетте, кыйын сүйлөйт. Журналист, алып баруучу болуп жүргөн да убагында. Муну Атамбаев көтөргөн. Кулалыдан куш жасайм деп ойлогон. Бирок батыштын камырына жуурулуп калган кулалы, ошол жактын идеологиясын карманып туруп алган. Ошондуктан экөөнүн көз караштары бөлүнүп, ортодо ажырым кеткен. Мунун колуна бийлик тийип калса, биринчи эле ирээтте кыргыздын баалуулуктарына, патриотторуна жана мусулмандарга кысым жасайт. Ал бул позициясын жума намазга, ЖКдеги намазканага каршы чыгуусу менен көрсөтүп койгон.

Бул эле эмес, баардык батышчылдар Ислам динине жана улутчулдарга агрессивдүү чабуул кылышат.Себеби, батыштын ыплас идеологиясына бир гана Ислам дини жана улуттук баалуулуктарды кармангандар баш бербей келет. Орто Азияда мусулмандар жана улутчулдар басымдуулук кылган үчүн булардын фокустары өтпөй келе жатат. Ошондуктан мусулмандарды, улутчулдары кысуу, Ислам динине каршы чыгуу, булардын биринчи максаты.

Кыскасы, шакылдагандарды эле кыйын экен деп ишенип албай, акыл калчап иш кылалы. Партиялык системанын түп тамырын жулуп, бир мандаттуу шайлоого өтөлү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *