2-мартта жана 8-мартта боло турган митингдер — өкмөт жана аны менен чырмашкан агенттердин ишмерлигинин жыйынтыгы!

 

IMG-20181030-WA0006

Демек, митингде коюлуп жаткан маселелер:
1. С. Жапаровго боштондук!
2. Баткен чек арасы
3. Ат — Башы ( бул маселе токтотулганы менен жабылган жок! Ошондуктан азыр талкууга киргенге укугу бар!)

Мен булардын катарына дагы бир көйгөйлүү маселени кошуп кетет элем. Ал — 8-мартта боло турган митинг.

Суроо: бул маселелерди ким жаратты? Ким жана кандай жол менен чечилиш керек эле?
Булардын тамыры бир! Ал тамыр — өкмөт менен чырмашкан, батыштан каржыланган жалган жарандык өкүлдөр ( Ачык өкмөт- коалиция открытого правительство, Частно — государственное партнёрства, Антикоррупционный совет при правительстве) ж.б.у.с.

1. С. Жапаров боюнча коюлуп жаткан талап өзү туура эмес. Себеби, бул талапты эч ким аткарбайт. Аткарган учурда дагы бул мамлекеттик хаоско алып келет. Себеби, эртең анда баары туугандарына «боштондук» деп чыгышат. Талап «БОШТОНДУК» эмес «ИШТИ КАЙРА КАРАП ЧЫГУУ» деп коюлуш керек. Себеби, азыркы жазасы туура эмес коюлган саясий куугунтук. Бул жагынан акталыш керек. Бирок, башка иштери үчүн толук жазасын алыш керек. Бизди ушул акыбалга алып келгендердин бири. Элдин мүлкүн менчиктештирип жегендердин бири. Элге бериле турган кредиттерди, инвестицияларды сугунуп салгандардын бири. Социалдык инфраструктураларды талкалагандардын бири. Кумтор темасын көтөргөнү көбүнүн жүрөгүн жылытты. Бирок, элге ушунча зыяны тийгендер, эл үчүн күйүп кетип, тобокелге барышына ишениш кыйын. Кумтордун пайдасын Канадалыктар менен Кыргызстандын эсептелген » Люди-Х» тери алат. Эл менен өлкөгө пайдасы жок. Жапаров, Текебаев ж.б.у.с бийликте отуруп туруп кумтор маселесин көтөргөндөрдүн максаты ошо «Люди-Х» тердин катарына кирүү эле. Ушул максатына жетиш үчүн канчалаган жаш балдарды курмандыкка чалып ийишти. Дагы чалышат.

2. Баткен.
Чет өлкөлүк куралдуу күчтөр кирип келип ок атып жатышса, биздин өкмөт чек араны жабып туруп делимитация менен демаркацияны өткөрүштүн ордуна кыргыз жерин коргогон жарандарды камап атышат. Баткен маселеси — бул өкмөттүн учурунда чечилбейт. Себеби, бул өкмөт жогору айтылган жалган жарандык агенттердин кеңеши менен иштешет. Алардын максаты — мамлекетти стабилизацияга эмес социалдык дестабилизацияга алып келүү.

3. Ат — Башы.
Башталбай жатып, жабылып калган проект — ал фейк проект болчу. Өкмөт, өкмөттүн облустук өкүлү, райондук өкүлү жана айыл өкмөтү кыргыз мыйзамдарын одоно бузуу жолу менен өткөрүп жатканын эл токтотту. Бирок, бул маселе жабууга дагы эрте. Анткени, эл менен өлкөбүздүн кызыкчылыгына карата бийлик ресурсун колдонуп кылмыш жасалды. Буга юридикалык баа берилип, күнөөлүлөр жоопко тартылыш керек.

4. 8- март.
Жогоруда айтылган көйгөйлөрдү туура эмес багытка салып жаткандар 8-март күнүн жамынып кыргыз элинин, кыргыз өлкөсүнүн табыгый баалуулуктарына чоң идеологиялык сокку ургана жатышат. Тилекке каршы мунун да тамыры өкмөткө кирип кетип атат. Ошондуктан 2 жылдан бери тыйыштын ордуна тымызын жандандырып келишет.

Эмнеге ушундай кырдаал түзүлүп жатат? Себеби, Текебаев менен УӨ өткөрүп кеткен Конституция агенттердин ээнбаштыгына жол ачып койгон.

Атанбаевдин Конституциялык реформасында өлкөлүк бийлик рычагдарын толугу менен президенттен ажыратып, аткаруу бийлигине б.а. ПМдин колуна өткөрүлүп берилген. Мындай Конституцияда президент эмне дебесин, аны: «ПМдин жумушуна киришип жатат»-деп күнөөлөшөт. Үндөбөсө: «Иштебей жатат»- деп күнөөлөйт. Бул юридикалык кырдаал атайылап батыштын рекомендация, гранттары менен түзүлгөн. Ушул себептен митингке жарыяланып жаткан талаптар менен чыгуу — элдин кызыкчылыгына жыйынтык бербейт. Демек, эл менен өлкөнүн ортосунда жарака түзүүгө шарт түзөт.

Бүгүнкү күнү элдин алдында турган эң негизги маселе:
1. ПМ отставкага кетиши талашсыз. Керек болсо жоопко тартылыш керек.
2. Ачык өкмөт -коалиция открытого правительство, Частно — государственное партнёрство, «Антикоррупционный совет при правительстве»лердин ишмердиги токтотулуш керек. Керек болсо жоопко тартылыш керек.
3. НПО, чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам токтоосуз кабыл алыныш керек.
4. Ат — Башыдагы логистикалык фейк проекти мыйзамды бузуу менен жол берген өлкөлүк ишмерлер жоопко тартылыш керек.
5. С. Жапаровдун иши сот аркылуу кайрадан толук каралып чыгыш керек.
6. Өлкөдөгү жаралган жоопкерчиликсиз кош бийликти токтотуу үчүн референдум өткөрүп, президенттик башкаруу формасына өтүү зарыл…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *