Кесепеттер эмес, себептер менен күрөшүү керек!

IMG-20181030-WA0006

Инвесторлор кайдан кирет?
Эгерде:
1. Экс-президент Р. Отунбаева: » Госчиновниктер цифровизацияны түшүнмөк турсун, сөздү айта алышпайт» — деп атса. Элди: «Мырктар толуп алды» — деп атса…

2. Ч.Жакупова чет элдик элчилерди, СМИни топтоп алып: » Атчандар топтолуп менин сотрудниктеримди сабаганы жатышат. Милициядан бизди коргоону талап кылам «- деп чет элден грант алыш үчүн кыргыздарга жалган жалаа жаап атса…

3. «Ачык өкмөт» (Коалиция Открытого Правительства) аталган чет мамлекеттен каржыланган субъект, өкмөт организминин ичине кирип алып, чет мамлекеттерге кыргыз элин, кыргыз өлкөсүн баткак менен көңгө теңеп доклад кылып атышса…

Анан кайдагы инвесторлор келет?
Биринчи ирээтте ушул өздөн чыккан өзөктөрүн жулуш керек эле.

Мамлекеттин бюджети, бүт өлкөлүк институттар, б.а. өлкөнү башкаруу рычагдар ПМдин колунда. Ушуларды колунда кармап туруп, инвесторлорду лично коргойм деп частный охранный бюрого же мамлекетти жеке адвокатка айлантпастан жалпы Кыргызстандын коопсуздугун ойлонуш керек. Инвесторлор ошол жалпы коопсуздуктун алкагында коопсуз өмүр сүрүш керек. Коопсуздук көп стандарт эмес, бир стандарттуу болуу зарыл.

Өкмөттүн функциясы бизнести кайтарууда эмес — өлкөнү башкарууда (регуляциалоодо).
Бизнес, өкмөттөгү адамга эмес, МЫЙЗАМГА ишениш керек.
Бизнести, чиновник эмес, МЫЙЗАМ коргош керек.

Screenshot_2020-02-16-23-05-37-576x1024

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *