,,Үй-бүлөлүк зомбулука каршы» деген мыйзам, үй-бүлөлүк укукту жокко чыгарат!!

IMG-20181030-WA0006
Аяна Эркинбекова

«ЖАРАНДАРДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫК БИРИКМЕЛЕРДИН ДҮЙНӨЛҮК ЛИГАСЫНЫН» Кенешмесинин мүчөсү,  «Үй — Бүлө» ардак медалинин ээси. 

 

Премьер-Министр  менен депутат Э. Сурабалдиева колдоп жаткан биздин менталитетке, психотипке, үй — бүлөлүк табыгый баалуулуктарга зыяндуу турган батыштын мыйзамдарын сунуштап жатканы түшүнүксүз.

Бул мыйзам улам кошумчаланып отуруп бир нече этапты (2003-2017жж)өтүп келген. Премьер-Министр Абылгазиев дагы деңгээлин жогорулатуу жөнүндө айтты. Демек, эмки этабында » Ювенальная Юстицияны» киргизээрине шек жок! Бул — баланын укугун үй- бүлөнүн укугунан бөлүп, карама — каршылыкка коюу. Ошого келе жатабыз. Бул эмнеси менен коркунучтуу?

Бул закон аялдардын жана балдардын либералдуу укуктарын коргойт. Жалпак тил менен кыскача айтканда «үй — бүлөлүк зомбулук» мыйзамынын ичинде:
1. Психикалык зомбулук.
Бул жакта балдарга эч нерсе тыйганга укугуң жок. Эгер балаңды сынга алсаң, зыяндуу нерсе жасап атса, ага тыйуу салсаң, сен балага психикалык зомбулук кылдың. Кылмышкерсиң!

2. Экономикалык зомбулук.
Бул — мүлкүнөн ажыратуу. Б.а. баланын колунан телефонду алып коюу. Телевизор көрсөтпөө. Сен балага жакшылык каалап муну кылдың, бирок, мыйзам боюнча сен кылмыш кылдың! Баланын телефон көрүү укугун кысып атасың. Дагы бир нерсе, баланы үй жумуштарын жасоого тажрыйбаңды берип, үйрөтсөң, булар «баланы экплуатация кылып, зомбулук кылдың» деп кылмышкерге чыгарат! Кимдер өсүп чыгат? Батыштын идеологиясы! Эгер өспүрүм балаңыз: » ата — энем мага кысым көрсөтүп атат»- деп квартирага чыгып кетсе, сен милдеттүү түрдө батирдин акчасын төлөйсүң, тамак — аш мн камсыздандырасың.

3.Сурабалдиева сунуштайм деп жаткан » сексуалдык зомбулук» пункту.
Сексуалдык зомбулук деген бул жерде бир гана сексуалдык зордуктоо эмес, «жыныстык эркиндикти коргоо» дегени да бар. Ал эмнени билдирет? Эч кимдин сексуалдык эркиндигин тыйууга акың жок.
Феминисткалардын логикасы! «Мен турмушка чыктым, бирок, өзүмдү өзүм билем. Ким менен жүрөм, каякка барам өз ишим. Күйөөм бир сөз сүйлөгөнгө акысы жок!» Эгер күйөөсү тыйса, зомбулук көрсөтүп жатат! Кылмышкер! Б.а. аялыңдын же бойго жеткен (18ге чыккан)кызыңдын же балаңдын жыныстык эркиндигин тыйганга акың жок! Ким менен кааласа, ошо менен жүрөт! Кааласа, кызың кыз менен, балаң эркек бала менен сүйүү курат.Батыштын идеологиясы!

Анан «Охранный ордер» дегени кетет.
Зомбулукка кабылган «жабырлануучуну» изоляция кылуу! Балдарды балдар үйүнө же жаңы (багып ала турган)үй — бүлөсүнө жеткирүү! Ал үй — бүлөө — бир жыныстуу (гей, лезби) үй — бүлөө болушу да толук мүмкүн. Силерди жабырлануучуга (аялыңа, балдарыңа) жолотпоо, көрсөтпөө үчүн иштешет. Келечек тагдыры эмне болгогун, кайда кеткенин деле билбей каласың. Муну батыштын үлгүсүнөн көрсөңөр болот.

Эң башкысы, жалаа түштүбү болду. Эч кандай текшерүү болбойт. Балдарыңды жулуп эле кетишет. Жөн эле кошунаң: » Баласын уруп атышат» деп койгону эле жетиштүү болот.
США да жылына 300 000 бала үй — бүлөдөн ушул мыйзам аркылуу алынат экен. Көбүнчөсү ошол бойдон балдарын тагдыры эмне болгонун билбей эле калышат экен.

Буга кимдер кызыктар? Батыш! Батыштан грант алып жаткандар. Коомду бузгун келсе, үй — бүлөдөн башта деген принцип. «Эгер мындайды каалабасаң, мамилеңди мыйзамдаштырбай эле кой(никенин кереги жок), балалуу болбой эле кой. Үй — бүлөң жок болсо, сага бул мыйзамдын тиешеси жок!» дешет. Мына булардын максаты! Үй — бүлөнү талкалоо!

Гендердик теңдик деп, эркек балдардын эркектик духун кичиненсинен эле сындыруу! Мына булардын дагы бир максаты!

Бир жыныстуулар төрөп, көбөйө алышпайт. Ошондуктан салтуу үй-бүлөлөрдүн балдарын алып, өздөрүндөй извращенецтердин армиясын көбөйтүү! Мына булардын максаты!

Батыштын эң негизги максаты: Мамлекетти, байлыктарды, территорияны алуу! Буларды кармап турган эл жана элдин улуттук табыгый баалуулук системасы! А бул баалуулуктардын тамыры — үй — бүлөлүк баалуулуктар (үй — бүлөлүк укуктук система)! Ушул баалуулуктарды талкалаш үчүн сунушталып жаткан МЫЙЗАМ!

Эми ушу мыйзамды киргизиш үчүн, миңдеген кылмыштардын арасынан именно аялдарга болгон зомбулук тууралуу жаңылыктарды терип чыгарышып, элдин аң — сезимин даярдап атышат. Көп батыш мамлекеттерде да ушинтип башталган. Эми баштарын кармап отурушат.

Бул мыйзамды сунуштагандар мен үчүн ЭЛ ДУШМАНДАРЫ! Жана аларга каршы сөз айта албай отурган ЖК өкүлдөрү да өнөктөштөр дейт элем!

Мурунку постто айткам. Дагы бир жолу айтам! Кылмыш жазаланышы керек! Бул үчүн биздин Конституцияда жана Кодекстерде эң сонун мыйзамдар бар. Ошолорду иштетиш керек! Батыштын коркунучтуу мыйзамдарынын бизге кереги жок!!!

82070639_1255475747995434_619648276257308672_n

 

 

82220212_1255475781328764_7285949350901972992_n

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *